Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—10 киши.

Оюн аянтчада, сахнада, спорттук бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Катышуучулар экиден болушуп, бир бирин карашып, эки колун белинин артына коюп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким бири биринин буттарын тепсөөгө аракеттенет. Оюнчулар бири биринин буттарын тепсегенден кийин атаандаштары менен алмашып, оюнду каалашкан убакытка чейин улантышат. Көп жолу атаандаштарынын буттарын тепсеген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бири бирин колдору менен түртүүгө, тартууга, тебүүгө, кармоого болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнчулардын бут кийимдери жумшак болушу керек.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Ылдамдык, күч, шамдагайлыкка тарбияланат, кыймылдарды бат жана так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү