Бөгөнөк (лат. Oestrus ovis) – чымындын бир түрү. Ургаачысы кой-эчкинин кеңилжээрине жылына (негизинен жайында) 600дөй жумуртка таштап, ал личинкага, кийин чымынга айланат. Көңдөйүндө мителеген майда курттар эстроз ылаңын пайда кылат. Ылаңдаган кой-эчки башын көрүнгөн нерсеге кашып, бышкырат, тынчы кетип, таноосунан кан аралаш суу чыгат. Ылаң өтө күчөсө мал өлүмгө учурайт. Эстрозго каршы күзүндө (октябрь, ноябрь айларында) хлорофостун 2%түү же үч хлорметафостун суудагы эритмеси малдын ар бир таноосуна 15 млден куюлат. Бөгөнөк Кыргызстандын бардык жеринде бар, кой-эчкинин 76–96%и жабыркайт.

Бөгөнөк.

ошондой эле түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү