Бөз
Бөз – кебезден одуракай токулган кездеме. Ал кустардык жол менен жиби ийикте ийрилип, колдо токулуп, Oрто Азия чөлкөмүндө кеңири тараган. Бөздөн жумушка кийилүүчү атайын кийим, шейшеп жана ич кийим тигилген. Бөз бүгүнкү күндө текстиль фабрикасында токулган пахта кездемелеринен төмөнкү сорту жана наркынын арзандыгы менен айырмаланып, чарбалык максаттарга пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4