Бөйрөк үстүндөгү без — киши жана омурткалуу жаныбарлардын ички секреция органы; бөйрөктүн жогору жагынан орун алган. Бөйрөк үстүндөгү без кыртыш (сырткы) жана мээ сымал (ички) катмардан турат. Кыртыш катмары 50дөй ар кандай гормондорду иштеп чыгарат. Анда минерал алмашууга таасир этүүчү альдестерон; углевод жана белок алмашууга катышуучу, ошондой эле организмдин коргоо реакциясын камсыз кылуучу — кортикостерон жана гидрокортизон; жыныс гормондору сыяктуу таасир берүүчү андроген, эстроген жана прогестерон гормондору пайда болот.

Бөйрөк үстүндөгү без: 1— бөйрөк үстүндөгү без; 2— бөйрөк; 3— заара агуучу түтүк; 4— бөйрөк венасы; 5— бөйрөк артериясы.

Алар жалпы кортикостероиддер деп аталат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кыртышынын шишигинде же анын көлөмү чоңоюп кеткенде гормону көп бөлүнүп Иценко-Кушинг[1] оорусу пайда болот. Ал эми гормондор аз иштелип чыкса Аддисон оорусуна алып келет. Бөйрөк үстүндөгү бездин мээ катмары 2 гормон — адреналин жана норадреналин бөлүп чыгарат. Алар нерв учтарына, жүрөк-кан тамыр системасына, алмашуу процесстерине таасир тийгизет. Бул гормондор мээ катмардын шишигинде өтө көп бөлүнүп чыгат. Бөйрөк үстүндөгү бездин кызматы нерв системасынын көзөмөлүндө өтүп, башка ички секреция бездери менен тыгыз байланышта болот.

Шилтемелер

түзөтүү
  1. ru:Синдром гиперкортицизма

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8