Бөкөн (лат. Saiga tatarica) – көңдөй мүйүздүүлөр тукумундагы ача туяктуу жаныбар. Салмагы 50 кгга жетет. Бөкөндүн денеси чымыр, буттары ичке, тумшугу дөмпөгөй. Ургаачысы кичирээк келип, токол болот, эркегинин мүйүзүндө шакекче сымал кырлары бар. Бөкөндүн жүнү жайында саргыч, кышында агыш тартат. Орто Азия, Казакстандын талаа жана жарым чөлдөрүндө, Кавказ тоо этектеринде кездешет. Алар үйүр болуп жүрөт. Б. чөп, түрдүү өсүмдүк, бадал жалбырактарын жейт. Январда кууттан чыгат, 5 ай көтөрүп, 1–2 улак тууйт. Бөкөнгө эти, териси, мүйүзү үчүн мергенчилик кылышат.

Бөкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү