Бөкөнбаева Сырга Жоомартовна
Бөкөнбаева Сырга Жоомартовна (24. 9. 1941 ж. т., Фрунзе) – педиатр, медицина илимдеринин доктору (1994), профессор (1995). КММИни бүтүргөн (1964). КММИде ассистент, доцент. КММАда кафедра башчысы. 100дөн ашык илимий эмгекги бар. Алар негизинен неонатология, балдар гематологиясына, балдардын экопатологиялык ооруларына арналган. Эмгектери: Актуальные вопросы педиатрии. Б., 2002.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4