Бөлүп төлөө
Бөлүп төлөө — товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө ыкмасы, мында төлөм алардын наркын толук эмес, бөлүп төлөө менен жүргүзүлөт. Бөлүп төлөө чекене товарларды насыяга сатууда кеңири тараган. Бөлүп төлөөдө контрагенттердин ортосунда насыялык милдеттенмелер пайда болот.
Булактар
түзөтүү- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7