Бөлүштүргүч вал
машинанын ар кандай операцияны катары менен аткаруу тартибин жана процесстин кайталанып турушун башкаруучу түзүлмө
Бөлүштүргүч вал – машинанын ар кандай операцияны катары менен аткаруу тартибин жана процесстин кайталанып турушун башкаруучу түзүлмө. Ал кээде муштумчалуу вал деп да аталат. Бөлүштүргүч вал ичинен күймө кыймылдаткычта, станокто, машинада колдонулат. Анын башкаруучу органы муштумчалар. Машинанын түзүлүшүнө жараша муштумчалар вал менен туташ жасалат, кээде ал муштумчалары бөлөк жасалып, вал отургузулушу мүмкүн. Ал ичинен күймө кыймылдаткычта газ бөлүштүрүүчү органдарды, станокто технологиялык процессти иштетүү тартибинен баштап, ар кандай аспаптарды алмаштыруучу механизмди башкарууга арналат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4