Бөлүштүргүч (электрдик) - электр тизмектерин биринин артынан бирин; убакытка карата бириктирип же ажыратып туруучу коммутациялык түзүлүш.

Бөлүштүргүч синхрондуу (тизмектерди белгилүү мезгил менен үзгүлтүксүз ажыратып-кошуп туруучу), старт-стоптук (старт сигналы менен ишке кирип, стоп сигналы келгенде ажыратуучу) жана кадамдык (башкаруучу импульс келгенде гана бир абалдан экинчи абалга өтүүчү) болуп бөлүнөт. Иш аткаруучу органдары боюнча Бөлүштүргүчтүн щёткалуу, муштумча механизмдүү жана релелүү түрлөрү болот. Бөлүштүргүчтүн конструциясы электр мех. же электр вакуумдуу прибордон же бир системага бириктирилген электр мех., электрондук элементтерден турган түзүлүштөрдөн куралат. Бөлүштүргүч автоматиканын, телемеханиканын жана байланыштын текшерилүүчү объектилерин тандоочу, убакыт боюнча бөлүштүрүлгөн сигналдарды мейкиндикте бөлүштүрүлгөн сигналдарга өзгөртүүчү, импульстардын санын эсептөөчү түзүлүштөрдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.