Осмонкул Бөлөбалаев

Кыргыз-совет төкмө акыны
Бөлөбалаев, Осмонкул‎»‎ барагынан багытталды)

Осмонкул Бөлөбалаев (1888–1967) - төкмө акын.

Осмонкул Бөлөбалаев

Өмүр баяны түзөтүү

Осмонкул Бөлөбалаев 1888-жылы мурдагы Пишпек уездинин Чон-Далы айылында туулган. Осмонкул 12 жашка келгенде айылдык молдодон он жыл окуп, араб тамгасында казакча, татарча чыккан ыр китептерин окуп таалим алат.
Революциядан кийин Калык Акиев менен жолугушуп, ырчылык кесибин баштап, Калыктан ырдоону үйрөнөт.
1926-жылы Түркологдордун I съездинде өзүнүн саламдашуусун айтып катышкан.
О.Бөлөбалаев 1931-жылы Кыргыз драмтеатрына артист болуп кирип, ырлары басмага чыга баштайт.
1936-жылы Кыргыз мамлекеттик филармониясына которулуп, эл аралап ыр ырдап комуз чертет.
1958-жылы 70 жаш курагында Москвада өткөн кыргыз искусствосу менен адабиятынын декадасында искусство менен адабиятка сиңирген эмгеги үчүн Ленин ордени менен сыйланган.
О.Бөлөбалаевдин биринчи китеби 1936-жылы «Осмонкулдун ырлары» деген ат менен жарыкка чыккан.
1958-жылы орус тилинде «Поэма о счастье» китеби жарыкка чыккан.
О.Бөлөбалаевдин кыргыз адабияты менен искусствосуна чоң эмгек сиңиргендиги үчүн совет өкмөтү Ленин, эки жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордендери, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган, 1942-жылы «Кыргыз ССРинин Эл артисти» деген ардактуу наам берилген.

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде

  • Осмонкулдун ырлары(Эл акыны Осмонкулдун тандалмалуу ырлар жыйнагы). – Ф.: Кыргызмамбас, 1936. – 103 б.
  • Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1947. – 52 б.
  • Ашымжан: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 87 б.
  • Мекеним: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 100 б.
  • Баатырдын баяны: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 139 б.
  • Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 256 б.
  • Чыныбай мерген: Поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 30 б.
  • Гүлшайыр: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 124 б.
  • Чыгармалар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 227 б.
  • Баатырбек: Поэма жана ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1962. – 115 б.
  • Октябрдын жарчысымын: Ырлар жана поэма. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 98 б.
  • Жалтанбас: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1965. – 51 б.
  • Өлбөс адамдар: Эскерүүлөр. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 104 б.
  • Менин өмүрүм: Эскерүүлөр. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 229 б.
  • Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 569 б.
  • Чыныбай мерген: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1975. – 28 б.
  • Тандалмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1978. – 158 б.
  • Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1981. – 56 б.
  • Осмонкул: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 216 б.

Орус тилинде

  • Поем о счастье: Сборник стихов. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958 – 71 с.
  • Ашымджан: Поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1963 – 83 с.