Бөртө
Бөртө (болжол менен 1154–1230/31) – Чынгыз хандын жубайы. Коңурат уруусунун башчысы Дай (Тай) мырзанын кызы. Кыят ичиндеги боржиген (бөрүтегин) уруусунун баатыры Есугей 9 жашар уулу Темүчинди (келечектеги Чыңгызхан) коңурат элине ээрчитип барып, эзелки түрк салты боюнча Бөртөгө куда түшөт. Көп узабай Есугей кайтыш болуп, Темүчин көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрөт. Эр жеткен соң, болжол менен 1178-ж. Бөртөнү издеп барып, алып кайтат. Бирок ошол кезде Темүчиндин айылына меркиттер кол салып, Бөртө туткундалып кеткен. Темүчин атасынын досу, Керей хандыгынын ханы Тогрул (Ван хан) менен жажират уруусунун ноёну, өзүнүн досу Жамуханын жардамы менен Бөртөнү бошотот. Чынгыз хан Бөрөдөн 4 уулдуу болгон: Жучу (1182-1227), Чагатай (1183-1242), Үгөдөй (1185-1241), Төлө (1193-1256) жана аларды өзүнүн мураскорлору катары тааныган. Алар Чынгызхандын баштаган иштерин андан ары улантуу менен, түрк-моңгол элдеринин тарыхында чоң из калтырган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4