Бөрүбаш дөңсөөсү - Ысык-Көл өрөөнүнүн түш.-чыгышында.

Каракол м-н Ырдык сууларынын төм. агымдарынын аралыгында Ысык-Көлдүн Жыргалаң булуңунун түштүгүн жээктей 6 кмге созулуп жатат. Бийикт. 1812 м. Плиоцендин ж-а төртүнчүлүк мезгилдин мергель, чопо, кумдук, о. эле борпоң чөкмө тектеринен турат. Жону тайпак, балык жондонуп, батышты көздөй акырындык м-н жапыздайт. Асимметриялык түзүлүштөгү дөңсөө: түн. капталы кыска ж-а жапыз, түштүгү тик ж-а узун, айдөш. Капталдарында кургак сайлар ж-а аңдар көп кездешет. Жарым чөл-кургак талаа ландшафты мүнөздүү. Кыштоо; чабынды жерлери да бар. Дөңсөөгө жакын Н. М. Пржевальскийдин мемориал музейи, Х.К. Карасаевдин бейити жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2