Бөрү карагаттар (Berberidaceae) - өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын айрым желек челүүлөр классчасындагы тукуму.

Көп жылдык чөп же бадал. Жалбырактары жөнөкөй же татаал, кезектешип орун алган же тамырлаш. Көпчүлүк учурда жан жалбыракчалары өөрчүп жетилбеген же тикенге айланып кеткен. Топ гүлү - чачы, кээде бирден болот. Мөмөсү - жемиш же кутуча. Айрым өкүлдөрүндө берберин алкалоиди бар. Жер бетинин мелүүн алкагынан 650 түрү кездешет. Алар дары, жемиш берчү жана кооз өсүмдүк болуп саналат. Бул тукумдун Ыраакы Чыгышта, Кавказда, Орто Азияда 7 уруусунун 29 түрү, Кыргызстанда анын З Уруусунун 10 түрү өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.