Бөрү (кыштак)
Бөрү – Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Папан айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Кара-Суу шаарынан 82 км түштүк-батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 38 км. Деңиз деңгээлинен 1260 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1853 (2002); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ашкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4