Бөө
бурят-монгол тилдеринде «бакшы», «шаман» маанилерин туюнтат
Бөө - бурят-монгол тилдеринде «бакшы», «шаман» маанилерин туюнтат. Монгол тилдүү элдер, түштүк тувалар да шаманды «бөө» деп аташары белгилүү. Бул сөздү кыргыздар айрым учурда жаш балдарды коркутуу үчүн колдонушкан. Бөө найман - кыргыздын найман уруусунун курамындагы ири уруктардын бири катары маалым. Параллели бүгүнкү тувалардын курамынан «бөханайкин» аттуу урук аталышы катары учурайт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4