Бөө найман - найман уруусунун курамындагы ири уруктардын бири. Этнонимдин биринчи компоненти «бөө» - бурят-монгол тилдеринде «бакшы», «шаман» маанилерин туюнтат. Монгол тилдүү элдер, түштүк тувалар шаманды «бөө» деп аташары белгилүү. Кыргызча бөө/бөй/бөйү/бөйөн/-«уулуу жөргөмүш» деген маанини туюнтары маалым. Экинчи компоненти - «найман» бурят-монгол тилдеринде «сегиз» санын билдирет. Этностук аталыш кыргыздарда байыртадан белгилүү болуп келген жана анын жашоо образынын, каада-салтынын, маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон шаман динин (шаманизм) чагылдырары шексиз. Параллели бүгүнкү тувалардын курамынан «бө-ханайкин» аттуу урук аталышы катары учурайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү