ВКП(б)нин Кыргыз Областтык бешинчи конференциясы
ВКП(б)нин Кыргыз Областтык бешинчи конференциясы - 1929-ж. 15—25-январда Фрунзе шаарыннда өткөн.
Ага партиянын 3141 мүчөсүнөн жана 2819 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш менен 100 жана кеңеш берүүчү добуш менен 38 делегат катышкан. Конференцияда ВКП(б) БКнын Орто Азия Бюросунун, ВКП(б) обл. комитетинин, текшерүү комиссиясынын, обл. контроль комлссиясынын отчёттору, кооперациялык курулуштун милдеттери, кедейдер менен иш жүргүзүү, аялдарды азаттыкка чыгаруу жөнүндөгү маселелер талкууланып, обл. комитеттин жаңы составы шапланган. Отчёттук доклад боюнча резолюцияда обкомдун саясий жолу туура, иши канааттандырарлык деп табылган; парт, курулуш боюнча 1930-жылдын акырьша чейин парт, уюмда жумушчулар м-н батрактардын санын 50%ке чейин жеткирүү, парт, уюмдарды тап душмандарынан жана бюрократташкан элементтерден тазалоо жагы каралган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.