ВКП(б)нин он жетинчи конференциясы

ВКП(б)нин он жетинчи конференциясы - 1932-ж. 30-январдан 4- февралга чейин Москвада өткөн.

Ага чечүүчү добуш менен 386, кеңеш берүүчү добуш менен 525 делегат катышкан. Анда өнөр жайдын 1931-жылдагы өнүтүшүнүн жыйынтыктары жана 1932-жылдагы милдеттери, 193337-ж. үчүн СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн 2- беш жылдык планынын директиваларын түзүү маселелерп каралган; өлкөнү соц. индустриялаштырууга, соц. экономиканын фундаментпн курууга жана аяктоого, СССРдин экон. өз алдынчалыгын камсыз кылууга багыттаган партиянын 14, 15, 16-съезддеринин чечимдеринин ийгиликтүү аткарылып жатканы көрсөтүлүп, бул ийгиликтер троцкизм менен оңчул оппортунисттерден арылган партиябыз өзүнүн негизги жолун БКнын жетекчилиги менен ырааттуу ишке ашыргандыктан гана мүмкүн болду деп бааланды.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.