ВКП(б)нин он жетинчи съезди (1939)

ВКП(б)нин он жетинчи съезди - 1939-ж. 10—21-мартта Москвада өткөн.

Ага партиянын 1588 852 мүчөсү м-н 888 814 мүчөлүгүнө кандидатынан чечүүчү добуш менен 1569, кеңеш берүүчү добуш менен 466 деле­гат катышкан. Анда ВКП(б) БКнын Борб. текшерүү комиссиясынын, Коминтерндин Аткомундагы ВКП(б)нин делегациясынын отчёттук докладдары, СССР эл чарбасын өнүктүрүүнүн үчүнчү беш жылдык планы, ВКП(б)- нин Уставына өзгөртүүлөр киргизүү, ВКП(б)нин Программасын өзгөртүү б-ча комиссия шайлоо жанa партия­нын борб. органдарын шайлоо Maceлелери талкууланган; БКнын саясий багыты менен практикалык иши жактырылып, эл аралык абалга жана СССРдин тышкы саясатына анализ жасалган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.