ВКП(б) БКнын Оpтo Азия бюросу

ВКП(б) БКнын Оpтo Азия бюросу [1925жылга чейин РКП(б) БКнын Орто Азия Бюросу] – 1922-ж. апрелде РКП(б) БКнын Түркстан бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Анын бөлүмдөрү жана партиялык уюмдарга жетекчилик кылуучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП(б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген жана бекиткен. ВКП(б) БКнын Оpтo Азия бюросунун биринчи төрагасы С. И. Гусев, андан кийин 1922-24-жылдары Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-ж. ал кызмат ВКП(б) БКнын Оpтo Азия бюросунун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924-31) жана К. Я. Бауман (1931-34) иштеген. 1924-ж. Бюро секретарларынын саны көбөйгөн. Орто Азия республикаларындагы партиялык-советтик уюмдарынын жетекчилери (Ф. Хожаев, А. Осмонбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП(б) БКнын Орто Азия бюросу жергиликтүү калктан партиялык, мамлекеттик, чарба кадрларын даярдоодо зор милдет аткарган; Орто Азияда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоодо, чет өлкөлүк интервенттерди жана ички революцияга каршы кыймылды басууда жетекчилик кылган. 1924-25-жылдары Орто Азия элдеринин улуттук-мамлекеттик бөлүнүшү, республикалардын жана республикалык компартиялардын түзүлүшү, 1924-29-жылдары жер-суу реформаларын жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгына байланыштуу маселелерди чечүүгө байланыштуу иштер, ошондой эле индустриялаштыруу, коллективдештирүү жана маданий революция Бюронун жетекчилиги менен аткарылган. 1936-жылдан Орто Азия жана Казакстанда өз алдынча Коммунисттик партиялары жана алардын борбордук комитеттери иштей баштагына байланыштуу Орто Азия бюросунун зарылдыгы болбой калган. 1939-ж. Бюро ВКП(б) БКнын чечими боюнча жоюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү