ВКП (б) БКнын уюштуруу бюросу

ВКП (б) БКнын уюштуруу бюросу - партиянын Борбордук Комитетинин аткаруу органы.

Биринчи жолу 1919-ж. РКП (б) нин 8-съездпнпн чечими боюнча уюштурулган. БКнын пленумунда шайланып, өз иши жөнүндө БКнын пленумдарында отчёт берип, партиянын уюмдаштыруу жумуштарына жетекчилик кылуу, кадрлар тандоо жана иштин аткарылышын текшерүү жагынан иш алып барган. КПССтин 19- съезди (1952) Борб. Комитеттпн күндөлүк уюштуруу жумушуна жетекчилик кылууну КПСС БКнын секретариатына жүктөп, ВКП (б) БКнын Уюштуруу бюросун жоюу жөнүндө чечим чыгарган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.