ВЛКСМ борбордук комитети

ВЛКСМ борбордук комитети - комсомолдун съезддер аралыгындагы жогорку жетекчи органы.

Ал ВЛКСМ дин бүткүл союздук съездннде шайланат. ВЛКСМ БК өз ишин КПСС БК-нын жетекчилиги менен жүргүзүп, ком­сомолдун жанa жерг. комсомол уюмдарынын бүткүл жумушуна жетекчилик кылат, мамл. жанa коомдук мекемелер менен уюмдарга ВЛКСМднн атынан өкүлдүк кылат; өзүнүн борб. басма сөз органдарын жанa алардын редакцияларын бекитет; комсомолдун бюджеттик каражаттарын бөлүштүрүп, чыгымдалышын көзөмөлдөйт. ВЛКСМ БК өз иши жеринде комсомол уюмдарын кабардар кылып турат жана ВЛКСМдин бүткүл союздук съездине отчёт берет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.