Вавилов Николай Иванович

Вавилов Николай Иванович (13(25).11.1887, Москва – 26.1.1943, Саратов) генетик, өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча илимпоз, географ, селекциянын азыркы илимий негизин, эгилме өсүмдүктүн пайда болушу, алардын географиялык таралышы жөнүндөгү илимди негиздөөчү. СССР ИАнын (1929) жана УССР ИАнын (1929), ВАСХНИЛдин академиги жана биринчи президенти (1929-35).

Н. И. Вавилов.

Москва айыл чарба институтун (азыркы К. А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясы) бүтүргөн (1911). 1917-жылдан Саратов Университетинин профессору, 1921-40-жылы Петроградда Колдонмо ботаника жана селекция бөлүмүнүн (1930-жылдан Бүткүл союздук өсүмдүк өстүрүүчүлүк институтунун) башчысы. 1920-40-жылы өсүмдүк ресурстарын изилдөө боюнча Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнө, Эфиопия, Батыш Кытай, Япония, Афганстан, Корея, Түндүк, Борбордук жана Түштүк Америкага илимий экспедицияларды уюштуруп, алардын көбүн өзү жетектеген. Вавиловдун жетекчилиги менен эгилме өсүмдүктөрдүн дүйнөлүк коллекциясы (300 миңден ашуун) түзүлгөн. Эгилме өсүмдүктөрдү мамлекеттик сорт сыноодон өткөрүүгө негиз салган. Вавилов бир-бирине жакын түр, тукум, уруунун тукум куума өзгөргүчтүгүндөгү гомологиялдык катарлар законун ачкан (1920). Вавилов селекциянын экологиялык-географиялык принцибин жана селекция үчүн түпкү материалды алуу принциптерин негиздеген. Вавилов өсүмдүк өстүрүү боюнча илимпоздордун, генетиктердин жана селекционерлердин мектебин түзгөн. Бир катар чет өлкөлөрдүн илимий коомдорунун, академияларынын, анын ичинен Лондон королдук коому, Индия, Аргентина, Шотландия, Германия (Галледеги), Чехословакия академияларынын чет элдик мүчөсү, бир катар улуттук жана эл аралык уюмдардын ардактуу мүчөсү болгон. Генетика жана селекция багыты боюнча Т. Д. Лысенконун негизги оппоненти болгондуктан, куугунтукка учурап, 1943-жылы түрмөдө (Саратов шаары) каза болгон. 1955-жылы акталган. Эмгеги: Избранные труды Т. 1-5. М.; Л., 1959-65 (в т. 1 приведена библиография трудов В.); Происхождение и география культурных растений. М., 1987.

Колдонулган адабияттар түзөтүү