Ваганова Агриппина Яковлевна

Ваганова Агриппина Яковлевна [14(26). 6. 1879, Петербург 5.11.1951, Ленинград] балет артисти, балетмейстер, педагог, РСФСР эл артисти (1934). 1897-жылы Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1897-1916-жылы Мария театрында пштеген. 1917-жылдан педагогикалык кызматта жүргөн. 1931-37-жылы Ленинграддагы С. М. Киров атындагы опера жана балет театрынын көркөм жетекчиси. «Ак куу көлү» (1933), «Эсмеральда» (1935) балеттерин койгон. Г. С. Уланова, М. Т. Семёнова, Т. М. Вечеслова, Н. М. Дудинская жана башка балет чеберлери Вагановадан таалим алган. Бүбүсара Бейшеналиева да Ваганованын шакирти болгон. «Классикалык бийдин негиздери» окуу китебинин (1934, төрт ирет кайра басылган) автору. Ал балет өнөрүндө классикалык бийдин салттарын өнүктүрүүгө чоң эмгек сиңирген. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946). Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү