Вагинит, колпит (грекче kjlpos жатын кыны) жатын кынынын сезгениши. Жеке жана жыныс гигиенасын жакшы сактабаганда жатын кынына оору козгоочу микроорганизмдер жана мите козу карындар түшкөндө, кынга бөтөн нерсе киргенде, аборттон жана төрөттөн кын жабыркаганда пайда болот. Ошондой эле жатын кынын көп жуу, бойго бүтүрбөөчү химиялык заттарды көпкө колдонуу, жатындын түшүшү, жатын шакекчесин көпкө кийүү жана башка түрткү берет. Анын пайда болушуна климакс мезгилинде энелик бездин функциясынын начарлашы да таасир этет. Вагинитте суюктук бөлүнүп, ичтин төмөн жагы салмактанып ооруйт, жатын кыны кычышат жана ачышат. Аны трихомонада жана гонококк козгосо ак, кээде коюу ириңдүү, боз суюктук көп бөлүнүп, жыныс органдарынын терисин жана былжыр челин дүүлүктүрөт. Врачка эрте кайрылып, аял, эркек экөө тең дарылануусу керек. Алдын алууда жеке гигиенаны сактоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү