Вагон (англисче wagon — араба) — темир жол аркылуу жүк жана жүргүнчү ташуучу транспорт каражаты. Алгачкы вагон жыгач рельс менен жүрүп, ат менен сүйрөтүлгөн же болбосо жумушчулар түрткөн. Жүк ташуучу вагон биринчи жолу Англияда 1786-жылы пайда болуп, темир жол менен жүргөн. Вагон арналышы боюнча жүргүнчү жана жүк ташуучу, жалпы тармактык жана өнөр жай транспорту үчүн, кең жана кууш жолдуу (колеялуу) болот. Вагон чиркелет же өзү жүрөт (моторлуу электр поезди, трамвай, метрополитен, дизель поезддери жана башка). Жалпы арналыштагы жүргүнчү ташуучу (бөлмөлүү же бөлмөсүз, почта, чакан жүктөрдү ташуучу, вагон-ресторандар жана башка) жана атайын вагондор (санитардык, лабораториялык, клубдар жана ушул сыяктуу) болуп бөлүнөт. Жүк ташуучу (товардык) вагондор унпверсалдуу (жабык, платформа, цистерна жана башка) жана атайын (гондола, транспортёр, чоюн ташуучу жана башка) болот. Азыркы учурда темир жол менен жүрүүчү вагондордун 200дөн ашык түрү бар.

Жутуучу аппарат түзөтүү

Абсорбциялык аппараттарды, адатта, жумушчу суюктуктун түрү боюнча айырмалаңыз. Эң көп колдонулганы пружиналык-сүрүлүүчү абсорбциялык аппараттар болгон, аларда энергия күчтүү булактар жана сүрүлүүчү клиналар менен өчөт.[1]

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Абсорбент Аппаратынын түзүлүшү. Archived 2023-02-02 at the Wayback Machine

Колдонулган адабияттар түзөтүү