Вакуолдор (французча vacuole, латынча vacuus боштук) - жаныбар жана өсүмдүк клеткасынын цитоплазмасындагы же бир клеткалуу организмдердеги суюктук же туздардын кристаллдары, эрибеген белоктор толгон көңдөйчөлөр. Ал эндоплазма торчосунун негизинде пайда болуп, сыртынан липопротеин кабыкча мембрана менен капталган. Бир катар көп клеткалуу омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, кээ бир моллюскалар) жана айрым бир клеткалууларда (жөнөкөйлөр) азык сиңиргич вакуолдор болот. Татаал түзүлүштүү жаныбарларда тамак сиңиргич вакуолдор өзгөчө клетка фагоциттерде жайгашат. Башка клеткалардын вакуолдорунда туз, фермент жана заталмашуунун калдыктары болот. Көптөгөн бир клеткалуу организмдердеги жыйрылгыч вакуолдор негизинен осмос басымын жөнгө салуу жана бөлүп чыгаруу кызматын аткарат. Өсүмдүк вакуолдоруна түссүз же түстүү клетка ширеси (пигменттер) толуп, анда эриген заттар жана кээде белоктор клеткада осмосту жана тургорду камсыз кылатынча Көпчүлүк сууда жашоочу фототроптуу жана хемотроптуу бактерияларда газ вакуолдору болот. Өтө жаш клеткада вакуолдор болбойт, болсо да байкалбайт, ал эми клетка өскөн сайын алар чоңоёт жана клетканын түрдүү жеринде жаралып, акырында бир ири вакуолдорду түзөт. Вакуолдор клеткада суу-туз алмашууну, тургор басымын бир калыпта кармоо, зат алмашуунун уу заттарын бөлүп чыгаруу жана башка функцияларды аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү