Валамир
Валамир, Балаэмир, Баламбер (туулган өлгөн жылы белгисиз) - Батыш хунн империясынын бийлөөчүсү. Валамирдин колбашчылыгы астында хунндар 370-жылы аландарды, 375-жылы Остгот королдугун талкалаган. 376-жылы Дунай дарыясынын жээгинде вестготторго сокку урган. Анын натыйжасында Батыш хунн империясы Жайык (Волга) дарыясынан Дунайга чейинки аймактарга ээлик кылган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4