Валенса Лешек Михал - (Лех), (29. 9. 1943-жылы туулган, Куяв-Помор воеводствосу, Попово) польшалык саясий жана мамлекеттик ишмер. 1961-63жана 1965-67-жылы машиналарды эксплуатациялоо боюнча мамлекеттик борбордо электр-механик, 196365-жылы Польша Аскеринде аскер кызматчысы, 1967-жылдан Гданьскидеги кеме куруучу ишканада электрик болуп иштеген. 1976-жылы жумушчу толкундоолоруна катышкандыгы үчүн иштен айдалган. 1980-жылы кеме верфинде башталган толкундоо учурунда иш таштоо комитетин жетектеген. Ошол эле жылы уюшулган «Тилектештик» профсоюз уюмунун лидери катары өкмөт өкүлдөрү менен профсоюздардын укугун кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан. «Тилектештик» уюму Польшадагы таасирдүү уюмга айланган. 1981-жылы Польшада согуштук абал киргизилип, «Тилектештикке» тыюу салынган жана В. камакка алынган (1982-жылы бошотулган). 1990-95-жылы Польшанын президенти. 1998-жылдан Христиан демократтары партиясынын төрагасы. Нобель сыйлыгынынлауреаты (1983).

Колдонулган адабияттар түзөтүү