Валентина Терешкова
Валентина Владимировна Терешкова (орусча: Валенти́на Влади́мировна Терешко́ва, 1937-жылы 6-мартта туулган) ― советтик туңгуч космонавт айым, учкуч, генерал-майор, коомдук ишмер. Советтер Союзунун Баатыры.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүВалентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большое Масленниково кыштагында келгин белорустун үй-бүлөсүндө туулган.
Атасы Владимир Аксёнович Могилев облусунун Белиныч районуна караштуу Выйлово кыштагынан болот. Ал совет-финн согушунда курман болгон. Бала чагында Валентина белорусча сүйлөгөн.
1959-жылдан Ярославлда парашют спорту менен алектенет. Ошол эле учурда текстил ишканасында жумушчу болуп иштейт.
1955-60-жылдары Ярославл жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуйт.
1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат.
1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулду.
Ошол эле күндөрү космосто Валерий Федорович Ьыковский "Восток-5" кемеси менен космостук орбитада учуп жүрдү.
Терешкованын шартуу ысымы "Чайка" ("Акчардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.
Терешкованы жерге түшүргөн жабдык (аппарат) Орусиянын Алтай аймагындагы Баев районуна аман-эсен конгон.
Үй-бүлөсү
түзөтүүОболу Валентина Терешкова космонавт Андриян Николаев менен баш кошкон (1963-жылдын 3-ноябры).
Үлпөткө Н.С.Хрущёв да келген.
1964-жылы 8-июнда Валентина менен Андриян Елена аттуу кыздуу болушкан.
1982-жылы эки космонавт расмий түрдө ажырашкан.
Андан соң В.Терешкова медицина кызматынын генерал-майору Юлий Георгиевич Шапошников (1931—1999)менен баш кошкон.
Неберелери — Алексей Игоревич Майоров (1996) жана Андрей Андреевич Родионов (2004).
Коомдук активдүүлүк
түзөтүү2011-жылы Ярославль облустук тизмеси боюнча "Бирдиктүү Орусия" партиясынан Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутат болуп шайланган. Терешкова Елена Мизулина, Ирина Яровая жана Андрей Скоч [1][2][3] менен бирге христиандык баалуулуктарды коргоо боюнча фракциялар аралык депутаттык топтун мүчөсү; бул кызматта ал Орусиянын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоду, ага ылайык, "Православие Россиянын улуттук жана маданий өзгөчөлүгүнүн негизи болуп саналат". 2011-жылдын 21-декабрынан тартып Мамлекеттик Думанын Федералдык түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
Сыйлыктары. Наамдары
түзөтүү- Советтер Союзунун Баатыры (1963).
- К. Э. Циолковский атындагы алтын медал (СССР ИАсы)
Эмгегинин бааланышы
түзөтүүТерешковага "ХХ кылымдагы чыгаан аял" наамы берилген.
Терешкованын ысымы менен:
- Айдагы кратер аталган;
- "Чайка" деп бир чакан астероид аталган;
- Орусияда, Казакстанда ж.б. көчөлөр аталган;
- Ярославл облусунда бир музей жана Ярославл шаарында планетарий аталган.
Фильмдер
түзөтүү- «Наша Ярославна», даректүү тасма, ЦСДФ, 1963 год. Режиссёру — В. Катанян.
- «Чехословакия «Чайканы» тосуп алууда» — СССР, Центрнаучфильм, 1963.
- «Чайка Эркиндик аралында» — СССР, Центрнаучфильм, 1963.
- «Валентина Терешкова. Звезда космического счастья», даректүү тасма, 2012-жыл, «Останкино» сыналгы компаниясы. Режиссёру — Надежда Суслова.
Музыка
түзөтүү- Терешковага арналып абдан көп обондуу ыр чыгарылган:
Голландиялык "Stone Oak Kosmonaut" тобунун «Cosmonaut № 6 (Valentina Tereshkova)» ыры, София Ротару ырдаган «Валентина» ыры (модаван тилинде, 1968-жыл), ж.б.
Почтоо маркалары
түзөтүү- Дүйнөнүн ар кыл мамлекеттеринин почтоо маркалары Терешковага арналган:
-
Почтовая марка СССР,
1963 год -
Сцепка почтовых марок СССР,
1963 год -
Почтовая марка ГДР,
1963 год -
Почтовая марка ГДР,
1963 год
Кыскача адабият
түзөтүү- Герои звёздных трасс: Сборник / Составитель Д. Мамлеев. М.: Известия, 1963. - 192 стр.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- Ракеталар жана адамдар Archived 2012-10-04 at the Wayback Machine
- Биография в энциклопедии «Космонавтика»
- Биография на peoples.ru
- Валентина Терешкова, президент РАМС Archived 2008-02-06 at the Wayback Machine
- Терешкова: по просьбе Королёва я не один десяток лет хранила эту тайну
- Королёв обещал, что мы все полетим в космос
- Валентина Терешкова. Улица Восьмого марта Archived 2012-06-03 at the Wayback Machine Воспоминания Валентины Терешковой о военном детстве
- Профиль на сайте Государственной Думы
- Cosmonaut is Woman of the Century
- ↑ https://lenta.ru/tags/persons/skoch-andrey/.
- ↑ Андрей Скоч: «Если хочешь быть счастливым — обязательно будь добрым» (ru-RU) (1 -февраль (бирдин айы) 2022).
- ↑ https://pg21.ru/page66932.