Серов, Валентин Александрович (1865, Петербург – 1911, Москва) – орус живописчиси. Бала чагында И. Е. Репинден (Парижде жана Москвада), Петербург САда (1880–85) Н. П. Чистяковдон таалим алган. С-дун алгачкы сүрөттөрүндө (“Шабдалы кармаган кыз”, 1887; “Күн нуру тийген кыз”, 1888: экөө тең Третьяков галереясы) жаштыкты, сулуулукту даңазалаган; жарыкты, түстөрдү жөндөөдө, рефлекстердин татаал гармониясын берүүдө, аба кеңдигин каныктырууда, дүйнөнү көркөм кабылдоосунда орус импрессионизминин алгачкы белгилери байкалат. 1890-жылдардын адамды курч мүнөздөгөн (А. Мазини, 1890; Ф. Таманьо, 1891–93; К. Коровин, 1891; И. Левитан, 1893; Н. Лесков, 1894; Н. Римский-Корсаков, 1898 жана башкалардын портреттери, бардыгы (Третьяков галереясы), балдардын ыкласын чагылдырган (“Балдар”, 1899, Орус музейи; “Мика Морозов”, 1901, Третьяков галереясы), ал эми 1900-жылдардын ортосунда таланттын коомдук маанисин даңазалаган портреттери (М. Горький, 1904; М. Н. Ермолова, 1905; Ф. И. Шаляпин, 1905 жана башкалар), пейзаждарды (“Октябрь. Домотканово”, 1895, Третьяков галереясы) тарткан. 1905-07-ж. сатиралык, кийин тарыхый темадагы, антик мифтердин негизиндеги сүрөттөрдү жараткан. С-дун мыкты чыгармалары – орус искусствосунун өзүнчө бир бийиктиги. 1897–1909-жылдан Москва живопись, ийчилик жана зодчийлик окуу жайында сабак берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү