Валериана (лат. Valeriana, L.), маун — валерианалар тукумундагы уруу.

  • Көп жылдык өсүмдүк. Гүлдөрү майда, татаал топ гүлгө чогулган. Дүйнөдө Валериананын 200 түрү бар, көбү Түш. Америкадагы Анд тоолорунда, Евразияда таркалган.
  • Дарылык Валериананын (V. officina­lis) бийикт. 2 метрге жетет, тамыр-сабагы кыска, жалбырагы сабакта тушташ жайгашкан.
  • Гүлдөрү 2 жыныстуу; май-авг. айларында гүлдөйт. Мөмөсү — урукча.
  • Дарылык сырьё катары Валериананын тамыры жана тамыр-сабагы керектелет.
  • Валериана дары-дармеги уйку качканда, жүрөк-кан тамыр неврозунда, ичеги-карын ооруларында колдонулат.
Дарылык Валериананын (Valeriana officinalis).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.