Валерия Ильинична Новодворская

Валерия Ильинична Новодворская (1950-жыл 17-май Барановичи, Белорус ССРи, СССР - 2014-жыл 12-июль, Санкт-Петербург, Орусия) - советтик диссидент жана укук коргоочу; орусиялык либералдык саясий ишмер жана публицист, оңчул либерал "Демократиялык бирдик" (орус. Демократический союз) (Борбордук координациялык кеңештин төрайымы) жана"Батыштык тандоо" (орус. Западный выбор) партияларынын негиздөөчүсү.

"Жар жээгиндеги жалган" (орусча: Над пропастью во лжи), "Карфагеним кыйратылганга милдеттүү" (орусча: Мой Карфаген обязан быть разрушен) (Юрий Афанасьев РГГУда ректор болуп турганда бир нече ирет окулган лекциялар курсу), "Айла жоктуктун тигил бетинде" (орусча: По ту сторону отчаяния), "Славянканын коштошуусу" (орусча: Прощание славянки), "Акындар жана падышалар" (Поэты и цари) китептеринин автору. К.Н. Боров жана Г.П. Якунендер менен биргеликте The New Timesтын редколлегиясынын мүчөсү. "грани. ру", "Эхо Москвы" жана The New Timesта жарыяланган. 2011-жылдан тартып, Боровой менен бирге ошол таптагы саясий кырдаалга карата комментарийлер камтыган видеороликтерди чыгарган.

Англис, байыркы грек, италиян, латын, немис жана франсуз тилдерин билген полиглот.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Эрте курактары түзөтүү

Новодворская 1950-жылы 17-майда, Белорус ССРинин Барановичи шаарында, өзүнүн айтымына караганда, ата-энеси чоң ата-чоң энесиникинде эс алууда жүргөндө төрөлгөн. Кичинекейинде астмадан жапа чегип, санаторийлерде дарыланган.

Валерия Новодворскаянын өзүнүн айтымына караганда чоң энеси аны "индивидуалисттик духта" тарбиялаган. Беш жашында окуганды үйрөнгөн. Тогуз жашында Москвага көчүшкөн. 1968-жылы орто мектепти күмүш медаль менен аяктаган. Андан кийин "котормочу жана педагог" адистиги боюнча Морис Торез атындагы Москва чет тилдер институтунда окуган (франсуз тили бөлүмү). 1969-жылы куралдуу көтөрүлүш менен коммунисттик режимди кулатуу зарылдыгы талкууланган көмүскө студенттик топ уюштурган.

Диссиденттик түзөтүү

Өспүрүм курагында ГУЛаг, Синявский жана Даниэл жараяны жана Варшава келишиминин Чехословакияга аскер киргизиши жөнүндө билген. Бул анын совет бийлигин жек көрүүсүн күчөткөн. 1969-жылдын 5-декабрында СССРдин Баш мыйзам күнүнө карата уюштурулган Кремлдин съезддер сарайындагы майрамдык кечеде, "Октябрь" операсынын бет ачары алдында Новодворская өзү чыгарган антисоветтик ыры колго жазылган баракчаларды ыргыткан.

1999-жылы иштин материалдары боюнча төмөндөгү маалыматтар жарыяланган: 712:

"1970-жыл, 16-март

Новодворская В. И. (1950-жылкы, еврей, ВЛКСМ мүчөсү, орто билимдүү, Москва ш. Торез атындагы Чет тилдер институтунун студенти)

Ал 1969-жылдан тартып, антисоветтик мазмундагы ыр жана проза жазган, досторуна көрсөткөн; "Азаттык" деп аталган ырын космонавттар кетип бараткан унааны аткан кишиге арнап, ырында аны менен тилектеш экенин жана ушул сындуу кылмышты кайталоого даяр экенин билдирген" 1969-жылдын декабрында, Кремлдин оюн залында партерге көп сандаган баракчаларды ыргыткан.

Ф.8131. Оп.36. Д. 3711 "

Аны Лефортов түрмөсүнүн бир кишилик камерасына жайгаштырышкан. Аны Сербский атындагы соттук медицина институтунун диагностика бөлүмүнүн башчысы КГБнын полковниги Даниил Лунц көрүп барганда Новодворская анын "гестапо менен кызматташкан инквизитор, садист жана коллаборационист" экенин айткан.

Новодворская кийин минтип жазат: "Мен кийин билдим. Ошол Лубянкадагы жоругум болбогондо менин ишимди институттук комсомол уюмуна беришмек экен."

1970-жылдын жайында Новодворская Казанга которулган. 1970-жылдын июнунан 1972-жылдын февралына чейин Казандагы атайын психиатриялык ооруканада "жай өнүккөн шизфрения, кишинин параноялык өсүшү" деген диагноз менен мажбурлап дарыланган. Новодворская 1972-жылдын февраль айында бошонуп чыгып, дароо самиздат нускасын көбөйтүү жана жайылтуу менен шугулдана баштаган. 1973-жылдан 1975-жылга чейин балдар санаторийинде мугалим болуп иштеген. Ошондой эле бала бакчада мугалим жана китепканачысы болгон.

1975-жылдан 1990-жылга чейин 2-Москва медициналык академиясынын котормочусу болгон. В 1977-жылы Н.К. Крупская атындагы Москва областтык педагогикалык институтунун кечки чет тилдер факультетин бүтүргөн.

1977-1978-жылдар ортосунда КПСС менен күрөшүү үчүн көмүскө саясий партия түзүү аракетин көргөн. 1978-жылдын 28-октябрында "Жумушчулардын кесиптер аралык эркин бирикмесинин" негиздөөчүлөрүнүн бири болгон (орус.кыск. СМОТ). Улам-улам жана системалуу түрдө бийликтин куугунтугуна кабылган: психиатриялык ооруканага жайгаштырылган (№ 15 психиатриялык оорукана, Москва), Системалуу түрдө СМОТ мүчөлөрүнүн иши боюнча суракка чакырылган, батирин тинтүүлөр жүргүзүлөн. 1978, 1985, 1986-жылдары Новодворскаяны диссиденттик ишмердүүлүгү үчүн соттошкон. 1984-жылдан 1986-жылга чейин "Доверие" пацифисттик тобунун мүчөлөрүнө жакын болгон. 1987-жылдан 1991-жылдын май айына чейин Москвада бийликтин уруксатсыз антисоветтик митинг жана демонстрацияларды уюштурган. Бул үчүн жалпы жонунан он жети жолу милиция тарабынан кармалып, административдик камоого алынган.

1988-жылы 8-майда СССРдеги алгачкы оппозициялык партия атыккан "Демократиялык биримдикти" түптөгөндөрдүн бири болгон. 1988-жылдан тартып, ДБтин Москва уюмунун легалсыз "Свободное слово" гезитинде макалалары үзгүлтүксүз жарыяланып турган. 1990-жылы ушул эле аталыштагы басылма анын макалаларынын топтомун чыгарган.

1990-жылдын сентябрында партиялык "Свободное слово" гезитинде "Хайль, Горбачёв!" деген аталыштагы макаласы үчүн жана митингде Михаил Горбачёвдун портретин тыткандандыгы үчүн эл алдында СССРдин президенттин ар-намысына шек келтирүү жана мамлекеттик тууга акарат келтирүү боюнча айыпталган.

Көз караштары түзөтүү

Новодворская өмүр бою либералдык көз караштарды карманган. Коммунизм жана фашизмге кастыгын кескин түрдө билдирип келген. Атап айтканда, демократиялык өлкөлөр тоталитардык өлкөнү колдоого укуктуу эместигин жүйө келтирип, 2008-жылкы коммунисттик Кытайдагы Жайкы Олимпияда оюндарына байкотту колдорун айтып чыккан. Көп жагынан анын көз караштары либертаризмге жакын болгон. Андыктан, ал, либертаризмдин идеалдарын олуттуу эмес, эгер бирөөлөр бул идеяларды ишке ашырганга аракет кылса, кооптуу дагы деп эсептеген.

Михаил Ходорковскийди абийир туткуну деп эсептеген.

Сыйлыктары түзөтүү

Литва мамлекетинин жанданышынын урматына Улуу Литва князы Гядаминас Орденинин рыцардык крести.

Эс-тутум түзөтүү

2016-жылы 20-майда Луцк шаарындагы көчөгө (Украина, Валын району) Валерия Новодворскаянын аты ыйгарылган. Көчө буга чейин Ванда Василевская атында болгон.

Шилтемелер түзөтүү