Валла, Лоренцо - (Lorenzo Valla) (1407, Рим - 1.8. 1457, ошол эле жер) италиялык философ жана логик. Эпикурдун философиясы менен этикасын жактоочу байыркы диний тексттерди сын көз менен илимий-изилдөөгө алгандардын көрүнүктүү өкүлү. «Константин тартуусу» делген документтин биздин замандын 8-кылымынын орто ченинде Рим папасынын канцеляриясы тарабынан чыгарылган жасалма Грамота (император ыйгаруучу бийлик укугу) экенин далилдеп чыккан. Негизги эмгектери: «Эркин эрк жөнүндө», «Кечил аялдардын чиркөөлүк убадасы тууралуу» жана башка Аларда христиан чиркөөсүнүн аскетизмин сынга алып, адам деген турмуш жыргалын жаратууга жана андан ыракат алууга жаралган деп эсептеген.

Лоренцо Валла.

Колдонулган адабияттар түзөтүү