Ванадий карбиддери – ванадий менен көмүртек бирикмелери. Алар боз түстөгү өтө катуу заттар; эки түрү: VC жана V2С белгилүү. В. к. 800оС жогору темп-рада көмүртек жана курамында көмүртеги бар газдар менен ванадий аракеттенүүсүнөн пайда болот. Ванадий монокарбиди (VC) - кара түстөгү, жогорку темп-рада (2800оС) балкып эрүүчү, сууда эрибөөчү, бышык, металл сымал жалтырак кристалл. HNO3 менен аракеттенишет. 1300оС жогорку темп-рада көмүртектин V2O5 менен аракеттенишүүсүнөн алынат. Ванадий менен легирленген болотто пайда болот да, аларга жогорку бышыктыкты камсыз кылат. В. к. авиацияда жана атом ө. жа-нда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү