Ван Чун (кыт. 王充, биздин замандын 27, Шанъюй уезди, азыркы Чжэцзян провинциясы 100-жылга чейин/27–97) – байыркы Кытай философу-энциклопедисти, материалист, атеист. Анын таржымалы «Хоу Хань шу» («Соңку Хань жөнүндөгү китеп») деген династиялык тарыхка киргизилген. Baн Чундун бирден-бир сакталып калган эмгеги «Лунь Хэн» («Ой жүгүртүүлөрдү теңдештирүү») деген китеби атаандаш философиялык көз караштарды бирине бирин салыштыруу ыкмасында жазылган. Baн Чундун философиясынын мааниси башкы философиялык мектептердин эч кайсынысына кирбеген, эч кимди туурабаган, нукура окууну түзгөндүгүндө эмес, ал философтонуунун стилин, башкача айтканда көзүнө карабай сындоо руху, демейки тажрыйбаларга жана илимдердин маалыматтарына дайыма таянышы менен айырмаланган стилин иштеп чыккан. Дүйнөнүн баарына текши бирдейлиги «асман-жер» үрөнүнүн өткөрө назик табиятын көрсөткөн жана да өзүн-өзү жараткан материалдык, рухий көрүнүштөрдүн негизинде жаткан универсалдуу, зарделдүү уңгу-негиз (субстанция) «дем башаты» (ци) менен шартталган. Ал эми «дем башаты» өзгөрбөс жазмышты «жекече табиятты» алып жүрүүчү катары адам аркылуу ишке ашат. Baн Чун адамзат коомунун тарыхын өкүмдарлардын сапаттарына байланышпаган «маданият» үстөмдүктөрүнүн жана козголоңдорунун мерчемдүү кайталанма алмашуусу катары караган.
Ван Чун байыркы кытайдагы Философиялык мектептердин бирине да жакын болгон эмес. Ал көк асманды жогорку кудай эмес жана дүйнөдө болуп жаткан процесстерге, Кубулуштар менен нерселердин өсүп-өзгөрүшүнө эч тиешеси болбогон, сезүү органдары жок материалдык нерсе деп эсептеген. Ван Чундун окуусунун өзөгүн түзгөн окуу-материалдык дүйнөнүн баштапкы субстанциясы болгон Ци жөнүндөгү түшүнүк, башкача айтканда материалдык дүйнөнүн башаты менен негизин Ци субстанциясы түзөт.
Ван Чундун көз карашы бир катар кемчиликтерге (вульгардык материализмге ыкташканы, этикасында-фатализмдин орун алышы) карабастан атеизмдин тарыхында орчундуу орунду ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү