Вапцаров, Никола Йонков (10. 1. 1910—23. 7. 1942) — болгар акыны.

  • Македониялык революционердин үй-бүлөсүнөн.
  • 1932-жылдан Болгария компартиясынын мүчөсү. Вапцаров гимназияда окуган (192026).
  • Деңиз тех. окуу жайын бүтүргөн (1932). Революциячыл иши үчүн көп ирет камакка алынган.
  • Фашизмге каршы күрөшкөндүктөн гитлерчилер тарабынан атылган.
  • Чыгармачылыгы 1926-ж. башталган. Көзү тирүүсүндө «Мотор ыры» (1940) ырлар жыйнагы чыккан. Вапцаровдун ноэзиясында революциячыл тематика, соц. идеялар, жумушчулардын ой-сезимдерин туюнтуу негизги орун ээлейт.
  • Анын чыгармачылыгы болгар адабиятында соц. реализмдин өнүгүшүндөгү жаңы баскыч болду.
  • Вапцаровго Эл аралык Тынчтык сыйлыгы ыйгарылган (1953).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.