ВарадероКубанын негизги туристтик борбору. Ал өлкөнүн түндүк жагындагы Хикатос жарым аралындагы Матансас провинциясында, Гаваннадан 134 км аралыкта жайгашкан. Атлантиканын жээгине курулган бул курорттук шаарчада күнү-түнү жашоо ыргагы бузулбайт. Шаар жомоктогудай кооз жаратылышы,көпкөк дениз менен андагы жаныбарлары, дуйнөгө аты чыккан Амбросио үнкүрү жана аскада тартылган байыркы сүрөттөрү муниципалдык музейи менен таң калтырат.

1992-жылы Варадеронун агыш түстөгү майда кумдуу пляжы дүйнөдөгү мыкты деген үч пляждын катарына кирген. (шилтеме талап кылынат)