Варахша – байыркыдан (VII–XI к.) калган шаар чалдыбары. Бухара шаарынан 40 км батыш жакта. Аянты 100 га. 1937-ж. жана 1947–53-ж. В. А. Шишкиндин жетекчилиги менен археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн. Чеп, хан сарайы, турак жайлар табылган. Алардын дубалында пилчен аскерлер, укмуштуу айбандар, атчан аскерлердин согушу, аңчылык жана башка көрүнөштөр тартылган сүрөттөр бар. Булар Орто Азия элинин байыркы көркөм маданиятынын бийик деңгээлде болгонун ырастайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү