Варвар акыйкаты
Варвар акыйкаты (лат. leges barbarorum — варварлар закону) — Батыш Рим империясынын аймагына өз королдугун орноткон герман урууларындагы адат укуктарынын кагазга түшүрүлгөнү.
- Варвар акыйкатына Вестгот, Вургунд, Салика, Рипуар, Алеман, Бавар, Саксон, Фриз, Тюринг, Франк- Хаман акыйкаттары, Лангобард жана Англ-саксон закондору кирет. Башка герман уруулары менен белок элдердин (скандинав, Исландия, орус) кадимки укуктарына окшош жерлери бар.
- Варвар акыйкаты уруулук коомдон феод, коомго өтүү продессин айкын көрсөткөнү менен айырмаланат.
- Варвар акыйкатына Рим укук закондорунун таасири тийген.
- Варвар акыйкаты 5—9-кылымда пайда болуп, королдордун жана герцогдордун демилгеси менен жазылган. Ал закондор көбүнчө кылмыш ишин жана сот продессин гана камтып, уруу мүчөлөрүнө гана колдонулган.
- Варвар акыйкаты Батыш Европадагы алгачкы феод, мамлекеттердин коомдук түзүлүшүн изилдөөдө чоң мааниге ээ. Феод, түзүлүштүн бекемделишине жараша Варвар акыйкаты маанисин жоготуп, 11-кылымдын башынан көп колдонулбай калган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.