Варикап [англисче vari (able) өзгөрмөлүү жана cap (acity) сыйымдуулук] сыйымдуулугу берилген чыңалууга көз каранды болгон жарым өткөргүчтүү диод. Германий, кремний, галий арсениди жана башкалардын негизинде жасалат. Радиоэлектрондук түзүлмөлөрдө термелүү контурунун жогорку жыштыгын түзөтүүдө, жыштыкты жогорулатуу, параметрдик күчөтүү үчүн өзгөрмө сыйымдуулукту алуу жана башкада башкарылуучу конденсатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү