Вариньон теоремасы(механика)

Вариньон теоремасы(механика) - теориялык механиканын берилген күчтөр системасынын моменти менен ал күчтөрдүн теңсалмактоочу күчүнүн моментинин арасындагы көз карандылыкты көрсөтүүчү теоремаларынын бири. Күч сызыгы бир чекитте кесилген күчтөрдүн системасы үчүн француз окумуштуусу П. Вариньон 1687-жылы далилдеген. Теорема: эгерде берилген күчтөр системасы F теңсалмактоочу күч R ге ээ болсо, анда теңсалмактуулук күчү кандайдыр бир борбор чекити Ого (же окко) карата моменти M (R) берилген күчтөрдүн ушул эле борборго карата моменттеринин M (Fi) суммасына барабар, башкача айтканда: M0(R)=M0(Fi ). Бул теорема статиканын маселелеринде, курулуш механикасында жана башка тармактарда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү