Варфоломей түнү
Варфоломей түнү — 1572-ж. 24-август түнү Парижде гугенотторго католиктердин кыргын салышы.
Кийин ал кыргын өлкөнүн башка провинцияларына да жайылган. Аны эне-королева Екатерина Медичи менен католиктердин башчылары уюштурган. Булар гугеноттордун күч алып кетишинен чочулап, болочок король Генрих IV үйлөнүү тоюн өткөрүп жаткан түнү (ыйык Варфоломей майрамына тушташ) 3000 ден ашуун гугенотту өлтүрүшкөн. 25-августтан 3- октябрга чейин Франциянын башка шаарларында да гугеноттор көп кырылган. Ошондон улам «Варфоломей түнү» деген термин кийин уюшкан түрдө кыргын салуу деген маанини берип калган.
Булактар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4