Варьете (латынча varietas ар түрдүүлүк, аралаш) - ар кыл театр жанрларынан турган сахна чыгармасынын түрү. Варьетеде эстрада, цирк, музыка, хореография жанрлары синтездештирилип, бир көркөм сахна чыгармасы (спектакль) жаралат. 1720-жылы Парижде ачылган «Варьете» театрынын атынан келип чыккан. Варьете спектаклдери оюн-шоок, көңүл ачуу мүнөзүндө болгон. Варьете программасына бир актылуу пьесалар, ырчыаткаруучулар, көркөм окуу, бийчилер, музыканттар, акробаттар, жонглёрлор, көзбоочулар кирген. Варьете театрынын өнүгүү мезгили болгон 1920-30-жылдарда Парижде М. Шевалье, Ж. Беккер өздөрүнүн актёрдук талантын көрсөтүшкөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү