Вассалитет - орто кылымда бир феодалдын (вассалдын) керт башынын экинчи феодалга (сеньорго) көз карандылык мамилелеринин системасы. Бул система 8-9-кылымда Франк мамлекетинде калыптанган. Королдор жана ири феодалдар вассалдык кызмат өтөгөндөргө жер, көлүк жана башка берген. Ири феодалдар эң башкы сеньордун (сюзерендин) королдун вассалына айланып, андан жер алып, майда феодалдарды өзүлөрү вассал кылышып, аларга өзүлөрү жер энчилеген. Вассалдын башкы милдети белгилүү бир мөөнөттө (1 жылда 40 күн) аскердик кызмат аткаруу эле. Борборлошкон феодалдык мамлекеттер пайда болгон соң, вассалитет бара-бара өз маанисин жогото баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү