Вассерман, Август
Вассерман, Август (21. 2. 1866— 16. 3. 1925)— немец микробиологу жана иммунологу.
- 1902-жылдан Р. Кох институнун проф., Берлиндеги эксперименттик терапия институнун директору (1913—1925).
- Вассермандын негизги изилдөөлөрү холера, келте жана дифтерия ооруларындагы иммунитет пайда болуу процессинде сыркоо адамдын канынын сары суусунун өзгөрүшүнө арналган.
- 1906-ж. А. Нейссер жана К. Врун менен бирдикте көтөн жара оорусун аныктоо үчүн атайын методду — Вассерман реакциясьш иштеп чыккан.
- Вассерман түрдүү жаныбарлардын белокторунун иммунологиялык өзгөчөлүгү бар экенин аныктаган (1901).
- Туберкулёз, шишик ж. б. оорулардын серологиялык аныктоо методдорун жөнгө салган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.