Ватерполо - суудагы топ оюну сууда топ менен ойнолуучу командалык спорт оюну. Оюндун негизги максаты топту каршылашынын дарбазасына көбүрөөк киргизип, өзүнүн дарбазасына киргизбөө болуп саналат. Ватерполо боюнча 1-оюн 1840-жылы, 1-мелдеш 1869-жылы Лондондо өткөрүлгөн. Оюн эрежеси 1876-жылы (В. Уилсон менен) Англияда иштелип чыккан жана кийинчерээк көп жолу өзгөрүүгө дуушар болгон. 1900-жылдан тартып олимпиялык оюндар программасына киргизилип, 1911-жылы ватерполонун эл аралык федерациясы бул эрежени эл аралык масштабдагы эреже деп жарыялаган. Ватерполо аянты 30x20 м2 (аялдар үчүн 25x20) болгон 180 см тереңдиктеги тик бурчтуу суу бассейнинде өткөрүлөт. Дарбазасынын туурасы 3 м, суунун үстүндөгү бийиктиги 0,9 м, ойнолуучу топтун көлөмү 68-71 см3, салмагы 400-450 г. Ватерполонун эрежеси боюнча ар бир командада 11 оюнчу болот. Оюнга ар бир тараптан 7ден киши катышат. Оюн 8 минутага созулган 4 партиядан турат. Эки жолу 2 минуталык жана бир жолу 5 минуталык тыныгуу болуп, жалпы оюн 40 минутага созулат. Оюн убагында сууда сүзүү эркин түрдө болуп, бирок топту алып жүрүү жана ыргытуу оюнчунун бир колу менен гана жүргүзүлөт. Топту оюнга киргизүү 30 секундадан ашпоого тийиш. Оюн эрежесин бузгандар 20 секундага оюндан четтетилип, топ каршылашгарына берилет. Оюнчулар мелдешке атайын спорттук кийимчен катышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү