Ватченко, Алексей Федосеевич
Ватченко, Алексей Федосеевич (25. 2. 1914-ж. т., Елисавето-Каменка айылы - 22 ноябрь 1984, Киев) — сов. мамлекеттик жанa парт, ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973).
- 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн.
- Днепропетровск мамлекеттик университинин физмат факультетин (1938) бүтургөн.
- 1938-жылдан педагогикалык иште. Улуу Ата Мек. согуштун (1941—45) катышуучусу.
- 1945—48-ж. Днепропетровск гороносунда бөлүм башчынын орун басары, бөлүм башчы.
- 1948-жылдан парт, иште. Партиянын Жовтнево (Днепропетровск ш.), Никопольск (Днепропетровск) областынын райкомдорунда экинчи, биринчи секретарь, Днепропетровск обкомунда парт, органдар бөлүмүнүн башчысы.
- 1954—55-ж. Днепропетровск обкомунда секретарь, 1955—59-ж. экинчи секретарь, Хмельницк (1959—63), Днепропетровск (айыл чарба обкому, 1963—64), Черкасск (1964—65), Днепропетровск (1965—76) обкомдорунда биринчи секретарь.
- 1976-жылы июндан УССР Жог. Советинин Президиумунун предли. КПСС-тин 22-съездинде КПСС БК мүчөлүгүнө кандидат, 23—25-съезддерде КПСС БКга мүчө.
- 1966-ж. марттап УКП Президиум, 1966-ж. июлдан Саясий бюро мүчөсү. СССР Жог. Советинин (6—9-шайл.), УССР Жог. Советинин (5, 7—9-шайл.) депутаты.
- Беш Ленин ордени, Октябрь Революциясы, эки Кызыл Туу, Александр Невский ордендери жанa медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.