Ваучер (англисче voucher тилкат) жазуу жүзүндөгү күбөлүк, кепилдик, гарантия же сунуштама. Мамлекет кирешелүүлүгүнө, өтумдуулугунө гарантия бере албагандыктан, Ваучерди баалуу кагаз деп эсептөөгө болбойт. Ал карыз катары (Мисалы, облигация, вексель, казыналык милдеттенме) саналбайт, киреше талап кылуу укугун (акция сыяктуу) бербейт. Ошентсе да ваучер менчиктештирүү процессинде төлөм каражатынын милдетин аткаруу менен акча бирдиги катары пайдаланылган. Ваучер Кыргызстанда КР Президентинин 1992-жылдын 10-январындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана коммуналдык мүлктү сатып алууга арналган атайын төлөм каражаттарын киргизүү тууралуу» указы менен киргизилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү