Вахтангов театры
Вахтангов театры (Евгений Вахтангов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү мамлекттик академиялык театр) 1921-ж. Москвада уюштурулган.
- Театрды К. С. Станиславскийдин шакирти Е. Б. Вахтангов негиздеген.
- Театр адегенде Вахтанговдун студиясы деп аталган. 1926- жылдан бери Вахтангов атындагы театры Гоццннин «Каныша Турандот» (1922) пьесасынын коюлушу менен театр өзүнүн чыгармачылык жүзүн көрсөткон.
- Андан кийин театрдын репертуарында революциялык жанa азыркы пьесалар башкы орунду ээлеп келди.
- 20—30-жылдары «Виринея» (Сейфуллина жанa Правдухин, реж. А. Д. Попов, 1925), «Интервенция» (1923, Славин, реж. Р. Н. Симонов), «Мылтыкчан киши» (1937, Погодин, реж. Симонов, Лениндин ролунда—Б. В. Щукин), Улуу Ата Мек. согуш учурунда «Майдан» (Корнейчук, 1942), «Орус адамдары» (Симонов, 1942), 50—60-жылдары «Иркут окуясы» (Арбузов), «Фома Гордеев» (Горький), «Гамлет» (Шекспир) деген спектаклдерди койгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.